Борбор калаада Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата студенттер уюштурган жумалык өтүүдө

Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери 12-декабрь - Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата 8-декабрдан 12-декабрга чейин залкар жазуучунун жумалыгын уюштурушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жумалыктын негизги максаты - Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы тууралуу студенттердин билимин жогорулатуу, жазуучуга таандык чыгармаларды жана анын дүйнөлүк адабиятка кошкон зор салымын даңазалоо.

Иш-чаранын алкагында окуу жайда Чыңгыз Айтматовдун өмүр таржымалы жана чыгармалары тууралуу көргөзмө, “Эрте келген турналар” тасмасы көрсөтүлүүдө. Ошондой эле Б.Кыдыкеева атындагы Кыргызстан жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлорунун катышуусунда “12-күн” спектаклинин көрсөтүлүшү да күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан