Жылнаама, 11-декабрь: Мындан 61 жыл мурун "Машина времени" рок-ырчылар тобунун башчысы Андрей Макаревич туулган

1934-жылы, 80 жыл мурун балетмейстер, КРнын Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын ээси Уран Сарбагышев Бишкек шаарында туулган. 1955-жылы Ленинграддан хореографиялык окуу жайды бүтүп келип, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын балет бийчиси болуп ишке киришет. Тез аранын ичинде Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Түгөлов, Эркин Мадемиловага окшогон алдынкы бийчилердин катарында "Ак куу көлү", "Жизель", "Ромео менен Жульетта", "Корсар", "Бахчысарай фонтаны", "Дон Кихот", "Спартак", "Дон жуан" балеттеринде башкы каармандардын ролун абдан чебер аткарып, жеке эле Кыргызстан эмес, чет элдерге да кеңири таанымал болгон. Уран Сарбагышевдин кыргыз маданиятына кылган кызматы жана сиңирген эмгеги өз убагында татыктуу баасын алган. Ал Ардак белгиси орденинин, Эмгек ардагери, Даңк медалдарынын ээси, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын, Бүткүл союздук балет бийчилеринин жана балетмейстерлердин сынагынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Эл артисти.

1951-жылы, 63 жыл мурун 14 республикалык, 8 эл аралык сынак, фестивалдардын жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, композитор жана аткаруучу Шамшыбек Өтөбаев Ноокендин Шыңсай айылында туулган. 2008-жылы "КРнын Эл артисти" наамына арзыган. Ал 2009-жылдын 8-сентябрында 58 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган.

* 61 жыл мурун, тактап айтканда, 1953-жылы советтик жана орусиялык “Машина времени” рок-ырчылар тобунун башчысы Андрей Макаревич төрөлгөн. Советтик жана орусиялык музыкант, ырчы, акын, композитор, сүрөтчү, продюсер, телеалпаруучу жана “Машина времени” ырчылар тобунун лидери Андрей Макаревич Москва шаарында туулган. Ал "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти" (1991) жана "Эл артисти" (1999) наамдарына жеткен.

 

 * 1972-жылы, мындан туура 42 жыл мурун америкалык космонавттар Южин Сернан менен Харрисон Шмитт Айдын үстүнө акыркы ирет конушкан. Андан бери Жердин жандоочусуна эч ким коно элек. "Аполлон" программасынын чегинде он биринчи жана акыркы "Аполлон-17" деп аталган учуруу болгон. Муну менен адамдар Айдын бетине 6-жолу конушкан. Бул Айды изилдөө үчүн жиберилген 3-жей-миссия болгон. Экипажда профессионал-окумуштуу, геолог Харрисон Шмитт болгон. Алар Айдагы Ачыктык деңизинин түштүк-чыгыш жагындагы Таурус-Литтров өрөөнүнө конушкан. Астронавттар Айда 3 сутка болушкан, 22 саат 3 мүнөт 57 секунда сыртта болушкан. 19-декабрда "Аполлон-17" Тынч океанга түшкөн.

Мындан 14 жыл мурун, 2000-жылы АКШда жогорку ылдамдыктагы “Acela Express” поезди эксплуатациялана баштаган. Поезд "Амтрак" фирмасынан чыгарылган. Анын максималдуу ылдамдыгы 240 чакырым-саат. Алар АКШнын түндүк-чыгышында Вашингтондон Балтимор аркылуу Филадельфияга жана Нью-Йоркко катташат. 7 саатта 734 чакырым жүрүшөт. Поезд учактарга татыктуу атаандаш боло алат. Анткени "Acela Expressтин" кызматы менен Вашингтон жана Нью-Йорктун ортосундагы жүргүнчүлөрдүн жарымы колдонушат. Орточо эсеп менен "Acela" поезди жылына 3 миллион жүргүнчүнү ташыйт. 

11-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан