“Миллиондук мелдеш-2” тасмасынын бет ачары техникалык себептерден улам кийинки аптага жылдырылды

Бишкекте бүгүн, 11-декабрда “Манас” кинотеатрында “Миллиондук мелдеш-2” тасмасынын расмий бет ачар аземи болмок. Бирок техникалык себептерден улам ал келерки аптага жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына тасманын режиссёру Сүйүн Откеев билдирди.

“Негизи, тасмабыздын расмий бет ачарын бүгүн өткөргөнгө кызуу даярдык көргөнбүз. Тилекке каршы, техникалык себептерден улам аны кийинки аптага жылдырууга аргасыз болдук. Тасма бүгүн кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт”,- дейт Сүйүн Откеев.

Эске салсак, 2013-жылы 21-ноябрда “Миллиондук мелдеш-1” тасмасынын расмий бет ачар аземинде да техникалык каталар болуп, тасма көргөнгө келген коноктор бир нече саат залда күтүүгө аргасыз болушкан. 

"Миллиондук мелдеш-2" жарыкка чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан