Аксыдагы алтын казган ишкананын мыйзамсыз иштеп жатканы боюнча кылмыш иши козголду

Аксыдагы алтын казган ишкананын мыйзамсыз иштеп жатканы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 11-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, “Аксы Кен Групп” ишканасы Бишкекте катталып, жетекчиси Кыргыз Республикасынын Т.А.О. аттуу жараны. Аталган ишкана жасалма лицензияны көрсөтүү менен Аксы районундагы “Капчыгай” кенинде мыйзамсыз алтын казуу иштерин жүргүзгөн.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан