Бишкекте “тургундун банктык карточкасынан 1,5 миң долларын уурдаган” деген шек менен 19 жаштагы жаран кармалды

Борбор калаада “тургундун банктык карточкасынан 1,5 миң долларын уурдаган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга 42 жаштагы Виталий Д. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар анын банктык карточкасынан 1549 долларын уурдап кеткенин айткан. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Бишкектин 19 жаштагы К.Ринат аттуу тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur45
2014-12-11 12:31:38
Kantip ele pin ###### bilbese bolboit elego. Chagym bank kuzmatkeri da barda bul kulmuwka
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан