Быйыл Ош шаарынын кооздугу үчүн гүл өстүрүүгө даярдыктар жүрүүдө. Чехиядан гүл уруктарын сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 миллион сом бөлүнмөкчү. Былтыр бул ишке 300 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу шаар мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди.
“Ош шаары кооздугу боюнча бир да аймакты алдына салбашы керек. 1 миллион сомдук гүл уруктарын алгыла да, иштегиле. Күздүн акыркы айларына чейин шаарыбыз гүл менен кооздолуп турсун. Эгер Ош шаарынын гүлдөрүнөн башка бир аймактыкы ашып кете турган болсо, анда башкача сүйлөшөбүз”,- деп Мырзакматов Ош шаарындагы Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасына эскертти.
Ал эми аталган ишкананын жетекчиси Бактияр Кудайбердиев: “2 жылдан бери Чехия менен келишим түзүп, гүл уруктарын сатып алабыз. Биздин өлкөнүн шартында кайсы сорттогу гүлдөр өсөрүн жакшы билип калдык. Негизги гүлдүн 3 сортунун 30га жакын түрүн алып келебиз. Кудай буюрса, март айынын башынан баштап шаарга гүл отургузуу иштери өз күчүнө кирет”,- деди.