"Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирине өткөрөм" деп акча алып, шаар тургунун алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 21 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал Канат аттуу бала "жогорку окуу жайга өткөрөм" деп 137 миң сом акча алып, андан соң качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы борбор калаанын жашоочусу кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.