Жайыл районунда адам өлтүрүү фактысына шектелген жаран кармалды

Жайыл районунда адам өлтүрүү фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында кылмышка шектүү менен маркум спирт ичимдигин ичишип, кийин экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Ачуусу келген үй ээси коногун отургуч менен башка чаап, өлтүрүп алган. Мындан улам кылмышка шектүү окуя болгон жерден качып кеткен. Кечээ, 10-декабрда шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан