“Бишкектеги банктардын бирин карактаган” деп шектелгендердин экинчиси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, окуя 23-ноябрь күнү эртең менен болгон. Анда эки белгисиз куралчан жаран Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан “ЭкоИсламикБанктын” филиалына кирип, коопсуздук кызматкерин жана 2 кассирди сабап, кассадагы акчаны алып кетишкен. Алар качып бара жатканда ошол жактагы аймактык милиция кызматкери байкап калып, артынан түшкөн. Кийин ага коопсуздук кызматкери да кошулуп, экөө кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармашкан.