Баткен облусунда баасы 282 миң сомдук контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 11-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, аткезчилик жүк мамлекеттик чек арадан өтүү учурунда кармалган. Унаада тиешелүү документтери жок, баасы 282 миң сомдук 18 куб метр жыгач материалдары болгон. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.