Бакай-Атадагы баш аламандыкты уюштургандар боюнча сот өкүмү чыкты

Талас шаардык соту Бакай-Атадагы баш аламандыкты уюштургандар боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, сот отуруму кечээ, 10-декабрда болгон. Анда кармалган 5 адамды сот күнөөлүү деп таап, шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Айта кетсек, 3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан. Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан. Мындан улам милиция кызматкерлери менен чогулган элдин ортосунда кагылышуу чыгып, эки милиция кызматкери сабалып, бир унаа өрттөлгөн. 

Бул боюнча “бейбаштык”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча кылмыш иши Талас облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан