Бишкекте чыгаан манасчыларды эскерүү иш-чарасы өтүүдө

Борбор калаада чыгаан манасчы Чоюке Өмүр уулунун 150 жылдыгына, Кааба Атабек уулунун 90 жылдыгына жана Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өтүүдө. Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, коомдук ишмерлер, манасчылардын балдары, туугандары жана шаардын тургундары катышууда. 
"Менин атам Каабаны бүгүн эскерип жаткандарына абдан ыраазымын. Атам жөнүндө айтсам, ал кичинекей кезинде дудук болуптур. Кийин ал түшүнөн чочуп, уктап жатып "Манас" айта баштаган экен. Ал манасчылар менен бирге жүрүп, натыйжада Кыргызстандын маданиятына, тарыхына өчпөс изин калтырды десем да жарашчудай",- дейт Каабанын уулу Рустам Атабеков.  
Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган концерттик программа тартууланып, ага сахна жылдыздары, манасчылар, опера ырчылары жана төкмө акындар катышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан