Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 11-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылы “Манас” спорт-комплексине 2 кичи футбол аянтчасын куруу боюнча тендер өткөн. Анда мэриянын алдындагы тендердик комиссиянын мүчөлөрү кызмат абалдарынан пайдаланышып, эч негизсиз “КСК” ишканасын жеңүүчү деп табышкан. Кийин аталган ишкананын эсебине 1 миллион 767 миң сом которулган. Андан сырткары дагы 400 миң сом берилген. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.