Бишкек мэри Иса Өмүркулов жаңы конуштардагы жолдордун абалы менен таанышып чыкты

Бүгүн, 4-февралда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Аска-Таш, Жеңиш жана Көк-Жар конуштарын кыдырып, жолдордун абалы менен таанышып чыкты. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 2012-жылы мэрия тарабынан Аска-Таш конушунда бир катар жолдор асфальтталган. Бирок шаардагы Фучик көчөсүнөн аталган конушка чейинки аралыктагы жолдор өтө начар. Мэр тиешелүү кызматтарга жолду тез арада оңдоо тапшырмасын берди. Ал эми Жеңиш конушунда 700 метр жол тез арада асфальттоого муктаж. План боюнча бул жолго жөө адамдар басчу жай да кошо салыныш керек. Ага 14 миллион сом талап кылынат. Өткөн жылы Көк-Жар жаңы конушунда узундугу 1 чакырым 300 метрди түзгөн Шоокум көчөсү асфальтталган. Конуштарды кыдырган мэр акимдерге жергиликтүү жашоочулардын катышуусу менен ишембиликтерди өткөрүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан