Бельгияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эл көрбөгөн сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болот

Бүгүн, 11-декабрда Бельгиянын Брюссель шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай “Айтматов. Жашырылган көз ирмемдер” деген аталыштагы сүрөт көргөзмө ачылат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сүрөт көргөзмөнүн максаты Ч.Айтматовдун өмүр жолун жана чыгармачылыгын Европада чагылдырууга багытталып, көргөзмөгө жазуучунун көпчүлүк көрбөгөн сүрөттөрү коюлат. Анда залкар жазуучу менен көп убакыт бою бирге жүрүп, анын сүрөт архивин топтогон Ибрагим Бакировдун эмгектерин көрүүгө болот. Көргөзмөнүн ачылышына чейин улуу жазуучу тууралуу даректүү тасма эл назарында болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан