12-декабрда асманды ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -15°C
Талас облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -17°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +7°C, түнкүсүн -10°C
Баткен облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -9°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -9°C
Нарын облусу. Күндүз -18°C, түнкүсүн -28°C
Бишкек шаары. Күндүз +6°C, түнкүсүн -7°C
Эскертүү!
12-декабрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Каракол - Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.