Чүй облусунда жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Москва райондук каттоо кызматынын кызмат адамдары дыйкан чарбага тиешелүү жерлерди башка жактарга мыйзамсыз беришкен. Мунун кесепетинен жер тилкелеринин ээлери 119 миң сомдон ашык зыян тартышкан. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.