Эртең, 12-декабрда Улуттук адабият күнү Бишкек шаарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында белгиленет. Иш-чара USAID уюмунун “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында уюштурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда АКШнын КРдагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында аталган аймактардагы башталгыч класстарда ачык сабактар, көркөм окуу жана сүрөт сынактары уюштурулат. Ошондой эле мектептерде китеп жарманкелери жана адабий кечелер өткөрүлөт.
Уюштуруучулар белгилегендей, бул иш-чара Улуттук адабият күнүн белгилөө менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын даңазалап, окуучуларды анын албан эмгектери менен тааныштыруу, коомчулуктун китеп окууга кызыгууларын арттыруу максатын көздөйт.
Ал эми баш калаадагы соода борборлорунда “Айтматов жана окуу” деген аталышта акция өтөт.