Жылнаама, 12-декабрь: Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жарыкка келген

* 12-декабрь – Улуттук адабият күнү. КРнын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы жыйынында Улуттук адабият күнүн бекитүү тууралуу токтомдун долбоору талкууга коюлган. Жыйынтыгында 12-декабрь Улуттук адабият күнү катары белгилене турган болгон. Мындай демилгени көтөрүп чыккан КСДП фракциясынан депутат Эгемберди Эрматов 12-декабрь белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болгондуктан, Адабият күнү катары ушул күн тандалып алынганын билдирген.   

103 жыл мурун, 1911-жылы Индиянын борбору Калькуттадан Делиге көчүрүлгөн. 1757-жылдан 1911-жылга чейин британиялык Индиянын борбору болуп Калькутта эсептелген. Ал эми Дели чоң шаарлардын катарына кирип, өлкөнүн саясий жана экономикалык абалына чоң таасирин тийгизген. 1900-жылдары Британия Индия колониясынын борборун Калькуттадан Делиге көчүрүүнү чечет. Британияга Индия менен башкарууга өлкөнүн чыгышында жайгашкан Калькуттага караганда Индиянын түндүгүндө жайгашкан Дели ыңгайлуу болгон. Андан соң шаар Нью-Дели болуп өзгөргөн.

1917-жылы, мындан 97 жыл мурун Францияда ири темир жол кырсыгы болуп өткөн. Альпы тоосунда жайгашкан Сен-Мишель-де-Морьен шаарчасына жакын жерде аскердик эшелон кулап, өрттөнүп кеткен. Италиядагы согуштан кайтып келаткан 700дөй жоокер каза болгон. Поезд нормадан ашык жүк салынгандыктан, жогорку ылдамдык менен жүргөн. Темир жол Арк сайына жеткен жеринен бурулмак. Поезд жогорку ылдамдыкта келип, биринчи вагон рельстен чыгып кеткен. Артынан келген башка вагондор аны сүзүп, жарык берген шамдардан өрт чыккан. Поезд жыгачтан тургандыктан жана аскерлерде гранаталар бар болгондуктан, өрт тез жайылып кеткен.

Мындан 86 жыл мурун, 1928-жылы кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучу, Кыргыз ССРнин Эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры Чыңгыз Айтматов төрөлгөн. Ал Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Апасы Нагима Хамзаевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса, билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллигент татарлардан чыккан. 

Залкар жазуучу 2008-жылы Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткирилет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумган.

Мындан 64 жыл мурун, 1950-жылы акын, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов каза болгон. Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы туулган акын бала кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да тартат. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аз убакыттан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925-1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. 1935-1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болгон. Андан тышкары Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы дүйнөдөн кайткан.

37 жыл мурун, 1977-жылы КВНдин “Уральские пельмени” командасынын катышуучусу, комедиялык актёр, орусиялык Сергей Светлаков туулган. С.Светлаков Урал мамлекеттик университетин аяктаган. Студент кезинде "Рыцарь института" сынагын утуп алып, окуу жайдын КВН командасынын капитаны болгон. КВНде ал 2 жыл ойногон, бул аралыкта ал үчүн КВНде чыгуу биринчи орунда болуп калган. Ал маалда Сергей Светлаков "Уральские пельмени" командасы менен автор катары бирге иштешкен. Кийинчерээк командага кирип, 2000-жылы команда КВН Жогорку Лигасынын чемпиону болгон. Гарик Мартиросян, Семён Слепаков, Артур Тумасян жана Сергей Ершов менен КВН үчүн сценарий жазып жүргөн. Бул чыгармачыл топ Орусияда "Comedy Club`ды" негиздеген.

12-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан