Ысык-Ата районунда ноябрда катталган кылмыш ишинин бети ачылды

Ысык-Ата районунда каракчылык боюнча катталган кылмыш ишинин бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрда таңкы саат 05:00 чамасында Милянфан айылынын 33 жаштагы тургунунун үйүнө 3 белгисиз адам кирип, тоноп кеткен. Кылмышкерлер жабырлануучунун башына тапанча такап, аны өлтүрөбүз деп коркутуп, үйүндөгү баалуу буюмдарын, 74 миң сом акча каражатын, алтын буюмдарын жана уюлдук телефонун алып кетишкен.  

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 3 жаран кармалды. Алардын бири 22 жашта болсо, калган экөө 34 жана 30 жаш курактарында экени аныкталды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан