Бүгүн, 12-декабрда түнү Кыргызстандын түштүк аймагында 2 жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, саат 02:42де очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө Ичке-Сай айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Кайрат айылынан 9 чакырым түштүктү карай, Өзгөн шаарынан 25 чакырым түштүк-батышта орун алган. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген жок.
Экинчи жер титирөө саат 03:57де катталган. Анын жогорку күчү Ош облусунун Алай районундагы Көк-Суу айылында 4 балл, Сары-Таш айылында 3,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин жеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.