Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылык фактысы боюнча кармалган 21 жаштагы Нурдин кызы Жазгүл аттуу кыздан жабыркаган жарандар болсо милицияга кайрылууну өтүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине арыз менен 19 жаштагы П.Ксения аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ага чала тааныш кыз "бирге батир алып жашайбыз" деп алдап, анын ишенимине кирип, 17 миң сом акчасын уурдап кеткенин айткан. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Нурдин кызы Жазгүл кармалды. Учурда кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.
Бул кыздан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номерлери боюнча байланыша алышат: 0554 10-23-21, 0554 10-21-92, 0551 10-27-74.