Бүгүн, 12-декабрь - Улуттук адабият күнүнө карата Жалал-Абад облустук китепканасында кызматкерлер тарабынан атайын иш-чара өткөрүлүүдө. Бул иш-чарада USAID уюму аркылуу “Бирге окуйбуз!» долбоорунун алкагында “Балдар китебин окуйлу!” акциясынын презентациясы, “Адабияттын алпы Ч.Айтматов” аттуу адабий кече, “Кыргыз акын-жазуучулары” китеп көргөзмөсү, “А.Токомбаев 110 жашта” адабий музыкалык кечеси, “Жаш журналисттер” жолугушуусу жана “Мыкты гезит”, “Менин мектебим” сынактары өтмөкчү. Бул тууралуу облустук китепкананын жетекчиси Сейликан Аталиевага шилтеме берүү менен мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.