Жалал-Абад облусунда пара алып жаткан жеринен айыл өкмөтүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 12-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокен районундагы Курманбек айыл өкмөтүнүн кызматкери жергиликтүү тургунга жер тилкесин бергени үчүн 40 миң сом талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 13 миң сом пара алып жаткан жеринен кызматкер кармалды. Учурда “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.