Ысык-Ата районунда эл аралык издөөдө жүргөн казак жараны кармалды (фото)

Ысык-Ата районунда эл аралык издөөдө жүргөн казак жараны кармалды. Ал өз өлкөсүндө каракчылык фактысы боюнча айыпталган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, казак жараны 27 жаштагы Н.Орынбасар кечээ, 11-декабрь күнү Новопокровка айылынан кармалган. Анын убактылуу жашаган жерин кароо учурунда колго жасалган ок атуучу курал, ок-дарылар, экстремисттик материалдар табылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akabai
2014-12-12 19:57:31
Интерполдо жургондордун баары Ысык-Атага келип алышкан окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан