Түркиядан келген дары-дармектер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 12-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын март айында “Манас” аэропортуна Түркиядан 120 килограмм дары-дармек келген. Аны Бажы кызматынын инспектору О.С.К. “БТС” ишканасынын кампасына чейин коштоп барышы керек эле. Бирок ал барган эмес. Мындан улам дары-дармектер белгисиз тарапка жеткирилген. Ошондой эле дары-дармектер тиешелүү бажы процедураларынан өткөн эмес.
Учурда бул боюнча “аткезчилик” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.