Өзгөн районунда “атасын жыгач союл менен башка чаап өлтүргөн” деп шектелип баласы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-декабрь күнү райондук ооруканага башына оор жараат алган жаран келип түшкөн. Бирок ал эсине келе албай каза тапкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган маркумдун баласы кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.