Бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги Кыргыз улуттук консерваториясында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө. Иш-чарага КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, ЖКнын спикеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров, өкмөт өкүлдөрү, аталган окуу жайдын жетекчилиги катышууда.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө 6 лауреат, 9 дипломантка Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылмакчы.