Жалал-Абад облусунда Аскер комиссариатынын кызмат адамы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган кызматкер жергиликтүү тургундун аскер билетин калыбына келтирүү үчүн акча талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кызматкер 3 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.