Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Айбек Ажыгулов кызматынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ажыгулов кызматынан өз арызы менен кеткен.
Бирок өлкөдөгү айрым маалымат каражаттары Ажыгуловдун кызматтан кетишине киши колдуу болуп каза тапкан Камила Дүйшөбаеванын ишин тергөөдөгү натыйжасыздык себеп болгонун ИИМдеги өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан.
Айта кетсек, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш ишинин бетин ачуу Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына жана Бишкек шаардык иштер башкы башкармалыгына тапшырылган.
Эскерте кетсек, быйыл 10-мартта 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.