Кара-Суу районунда “агасы менен инисин сабап, агасынын бутуна бычак сайган” деп шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-декабрь күнү 1992-жылы туулган К.У. жана анын 1998-жылы туулган иниси К.Аны белгисиз 4-5 бала уруп, 1992-жылы туулган К.Унун бутуна 3 жолу бычак сайышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган С.Х. кармалган. Учурда калган балдарды кармоо иштери жүрүүдө.