Кечээ, 11-декабрда Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда Октябрь районунун билим берүү борбору “Жаш таланттар-2014” сынагынын гала-концертин уюштурду. Жеңүүчүлөрдү Билим берүү борборунун директору Елена Строкова куттуктап, катышуучуларга мындан ары да чыгармачылык ийгилик каалады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, куттуктоо сөздөрүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Кененбаев Алмаз, Шин Сергей, Щербакова Наталья жана Октябрь райондук администрациясынын орун басары Мамытова Жамалкан сүйлөдү. Андан тышкары бул күнкү иш-чарага кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлдөрү Султан Каримов, Юлия Руцкая, маданият тармагында эмгектенген Евгений Иванов жана Алексей Филатов катышты.