Жылнаама, 13-декабрь: Мындан 45 жыл мурун белгилүү ырчы, композитор Мурат Насыров туулган

1941-жылы, мындан 73 жыл мурун Перуда мөңгүнүн көчүшүнөн улам катуу суу каптоо жүрүп, 6 миңден ашуун адам каза болгон. Хуараз шаарын суу менен камсыз кылган Палькакоча көлү деңиз деңгээлинен 4566 метр бийиктикте жайгашкан. Чоң мөңгүдөн бир бөлүк сынып, Палькакоча көлүнө кулаган. Андан жаралган толкундун күчү сууну кармап турган таш томкорундуну талкалап, жанындагы көлгө кошулуп, катуу суу каптоо жүргөн. Мөңгүлөрдүн, аскалардын сыныктары бар суу 15 мүнөттө Хуаразды каптап, 6 миңден ашуун адам көз жумган.

Мындан 61 жыл мурун 1953-жылы Чүй облусундагы Кемин районунун Ильич айылында коомдук жана саясий ишмер Медет Садыркулов төрөлгөн. Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик университетинде алып, тарыхчы адистигине ээ болгон. 1991-жылдан тартып ал мамлекеттик кызматта - КР Президентинин аппаратында, 1995-жылы президенттик администрацияда иштеген. Төрт жыл аралыгында референттиктен уюштуруу иштери боюнча бөлүмдүн башчылыгына чейин көтөрүлгөн. 1995-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акими, 1997-1999-жылдар аралыгында каржы министринин биринчи орун басары, Мамлекеттик салык инспекциясынын директору болгон. Ал эми 1999-жылы кайрадан Ак үйгө, президенттин администрация жетекчилигине чакырылган. 1999-2000-ж.ж. Эсептөө палатасынын төрагасы, 2000-2005-ж.ж. Кыргызстандын Ирандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси болгон. 2007-жылдын 30-мартынан 16-апрелине чейин кыргыз өкмөтүнүн аппарат жетекчилигине, 2007-жылдын 16-апрелинен 2009-жылдын 8-январына чейин президенттин администрация жетекчилигине дайындалып, иштеп келген. 2009-жылдын 8-январында өз каалоосу менен отставкага кеткен. Медет Садыркулов 2009-жылы 13-мартта Бакиевдердин буйругу менен өлтүрүлгөн.

45 жыл мурун, 1969-жылы белгилүү ырчы, композитор Мурат Насыров Алматы шаарында төрөлгөн. Мураттын музыкага болгон кызыгуусу жети жашынан ойгонгон. Гитара чертүүнү үйрөнүп, өзүнө жаккан ырлардын обондорун ойной баштайт. Аскерден келген соң ырчы чыгармачылыкка жан дили менен берилип, “Москвага барып чыгармачылыгымды улантсам” деген ойго арбалат. Ата-энеси каршы болгонуна карабай 1989-жылы Москвага сапар алат. Ал өзү менен аскерде кызмат өтөгөн досунукунда жашайт. Экөө “Новый порт” деген рок-тобун түзүшүп, алгач чакан кечелерде ырдап чыга башташат. Өзүнөн көп нерсени талап кылган Мурат “Ялта-91” сынагына катышып, баш байгени утуп алат. Ошондон кийин Мураттын чыгармачылыкта жолу ачылат. Көп узабай ал “А-Студио” тобу менен таанышып, Мурат Насыровдун казак жердештери ага болгон жардамдарын көрсөтүшөт. “Мальчик хочет в Тамбов” деген ыры анын атын чыгарат. “Кто-то простит” аттуу альбому, “Лия” деген ыры менен популярдуулукка жетишип, ырчы орус шоу дүйнө­сүн­дө өз ордун тапкан. 

Мурат Насыров баңгизаттын күчүнөн улам Москвадагы өзү турган үйдүн бешинчи кабатынан секирип кеткен. Ал өлүм алдында ага Кудайлар келгени жана алар менен кеткени жатканы тууралуу айткан.

2003-жылы, мындан 11 жыл мурун Ирактын президенти Саддам Хусейн колго түшүрүлгөн. 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу теракттан соң, АКШнын президенти Жорж Буш "Ирак президенти Саддам террористтик топтор менен кызматташканы үчүн аны жок кылуу керек" деген чечим кабыл алган. 2003-жылдын 20-мартында Орусия, Кытай, Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр каршы турганына карабастан, АКШ баш болгон Англия, Австралия жана Түркия мамлекеттери "массалык кыргын салуучу курал бар" дешип, Иракка кол салып киришкен. Кийинчерээк кыргын салуучу куралдын Иракта жок экенин АКШ бийлиги моюнуна алган. 9-апрелде Багдад баскынчылар тарабынан басылып алынып, Саддам Хусейндин бийлиги кулатылган. 22-июлда АКШнын аскерлери Саддамдын уулдары Удай менен Кусайды табышып, аткылап өлтүрүшкөн. Саддамдын жан жөкөрлөрү колго түшсө да, каардуу диктатордун карааны көпкө чейин табылбай калган. Америкалыктар анын дарегин айткан адамга 25 миллион доллар сыйлык берерин жар салганда өзүнүн аталаш тууганы Саддамдын кайда экенин айтып койгон. Ошентип, 2003-жылдын 13-декабрында АКШ аскерлери Ирактын экс-президентин өзү туулган айылдагы фермалардын бириндеги түбү терең казылган жер кепеден таап чыгышкан. Колго түшкөн экс-диктатордун алгачкы соту 2004-жылдын 1-июлунда башталган. Эң кызыгы, мурда алынып салынган өлүм жазасы Саддам Хусейнге колдонуу үчүн кайра киргизилген. Ошентип, 30-декабрда экс-диктатор дарга асылып, эртеси өзү төрөлгөн кыштактагы балдары жаткан мүрзөгө денеси коюлган.

2013-жылы, мындан 1 жыл мурун жылдын мыктыларын аныктаган “Супер концерт-2013” концерти болуп, анын жүрүшүндө Орункүл Шабралиева "Супер сулуу-2013" наамын утуп алган. Ага таажыны "Супер сулуу-2012" наамынын ээси Гузеля Келдибаева кийгизген. Жеңүүчү аталган Орункүл Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралына эс алууга жолдомо утуп, 2014-жылдын 30-январында сапарга чыккан.

13-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан