2014-жылдын 22-ноябрында 97632-аскер бөлүгүндө лейтенант А.Турматов келишимдик кызматта иштеген жоокер Б.Көчөрбаевге ок чыгарып, жаракат алган жоокер ооруканага жетпей жан берген. КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан бүгүн, 13-декабрда билдиришкендей, бул окуя боюнча Башкы штабдын 99718 жана 97632-аскер бөлүктөрүнүн жалпы кызматтык иш-аракеттерин текшерүү боюнча комиссиясынын жумушу аяктады.
Жыйынтыгында комиссия бул окуя командачылык тарабынан аскерлер кызматы менен аскер тартибин уюштуруудагы жетектөөчү документтердин аткарылышын көзөмөлдөөнүн начар болгонунан, офицердик курам менен жекече тарбия иштеринин жоктугунан, алардын моралдык-психологиялык сапаттарын билбегендиктен улам келип чыккандыгын аныктады. 99718 жана 97632-аскер бөлүктөрүнүн жалпы кызматтык иш-аракеттерин текшерүү боюнча териштирүү комиссиясынын материалдары Аскер прокуратурасына жиберилди. Ошондой эле Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, лейтенант А.Турматов камакка алынды. Учурда териштирүүлөр жүрүп жатат.