Жылнаама, 14-декабрь: “Супер-Инфо” гезити Каныкей, Добр, Нурзат Токтосунова жана Эрмек Нурбаев сыяктуу атактууларга Шри-Ланкага жолдомо берген

Мындан 215 жыл мурун, 1799-жылы АКШнын туңгуч президенти Жорж Вашингтон каза болгон. Ал 1732-жылы 22-февралда Виргинияда төрөлгөн. Анын атасы бай плантатор жана кул ээлөөчү болгон. 11 жашында атасы каза болуп, аталаш агасы Лоуренстен тарбия алган. Билимге үйдөн ээ болуп, кийин өзүнчө окуп билимин тереңдеткенге аракет кылган. 1749-жылдан баштап Маунт-Вернондо чоң поместье менен 18 кулга ээ болгон. Майор наамында виргиниялык төрт элдик кошуунунун биринде командир болгон. Полковник наамын алган Жорж Вашингтонго 1756-жылы жети жылдык согушта өзүнүн элдик кошууну менен колониянын батыш чек арасын сактоого тапшырма берилген. 1759-жылы отставкага кеткен. 

Жорж Вашингтон Британиянын колониалдык саясатына каршы болуп, колониалдык бийликтин иштерин сындаган. 1774-1775-жылдары Континенталдык конгрессте Виргиниянын төрагаларынын бири болгон. Колониялар Британдык метрополия менен бир чечимге келишпестигин билип, аскер формасын кийген. 1775-жылы 15-июнда Конгресстин чечими менен Континенталдык армиянын башчысы болот. Ал армияны Түндүк Америка эгемендүүлүккө жеткиче башкарган. Жорж Вашингтондун АКШдан британиялык аскерлерди чыгарууга салымы чоң болгон. Конгресс ага диктатордук ыйгарым укуктарды да берген, бирок ал андан баш тарткан. Ал бардык байлыгын Континенталдык армияга жумшап, кызмат кылган жылдарына төлөнүүчү маянадан баш тарткан. Вашингтон эл арасында белгилүү болуп, согуш учурунда эрдигин, жогорку моралдык сапаттарын, туруктуулугун көрсөтө алган. 1783-жылы ноябрда Париждеги Тынчтык келишиминен кийин Вашингтон отставкага кеткен. 1787-жылы Конституциондук конвенттин төрагасы болгон. Анын аракеттери менен Виргиния 1787-жылкы Конституцияны бекиткен. 1789-жылы 30-апрелде ал өлкөнүн президенти болуп шайланган. 1792-жылы кайрадан төрт жылга президенттикке шайланган.

Мындан 90 жыл мурун, 1924-жылы индиялык киноактёр, режиссёр, продюсер, сценарист Радж Капур Пешаварда туулган. Радж Капур мекенинде болгон бардык сыйлыктарды алган жана көзү өткөндөн кийин бүгүнкү күндө да алып келет. "Индиялык Чарли Чаплин", "индиялык тасмалар атасы" жана "чыгыштын көк көздүү падышасы" катары таанылган. Орусияда "селсаяк жолдош", ал эми Европада "индиялык Пётр I" катары белгилүү. Радж Капур өзүнүн алгачкы ролун 1935-жылы "Революция" тасмасында 11 жашында жараткан. Актёр 1988-жылы 2-июнда Делиде астмадан каза болгон.

“Супер концерт-2013” учурунда “Супер-Инфо” менен көп жылдан бери тыгыз иштешип келе жаткан, өзгөчө стили, оригиналдуу үнү менен элге таанылган ырчы Каныкейге, кыргыз шоу дүйнөсүнө алгачкылардан болуп рэп жанрын киргизген рэпер Добрга, сөзгө бай телеалпаруучу Нурзат Токтосуновага жана “Тамашоу” долбоорун түзүп, элди күлкүгө бөлөп келе жаткан алып баруучу Эрмек Нурбаевге гезиттин атынан кыштын ызгаардуу суугунда экзотикалык ысык өлкөлөрдүн биринде эс алууга жолдомо берилген. Жылдыздар “Супер сулуу-2013” сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева менен чогуу Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралына эс алууга 2014-жылы 30-январда жөнөп кетишкен. 

14-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aikol87
2014-12-13 21:32:46
супер сулуу 2014 болбойбу? -супер инфо.
0
Deesmond
2014-12-14 19:21:31
Мындан 1 жыл мурун супер ифонун жогорудагы концертине 2 кишилик билет утуп алгам )))))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан