Бүгүн, 4-февралда Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Нива үлгүсүндөгү унаа, генератор жана компьютердик техникалар тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Министрликке мындай жардам "Борбор Азиядагы кырсыктардын алдын алуу боюнча чек ара кызматташтыгын колдоо" долбоорунун алкагында Эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коому тапшырды. Иш-чарага министр Кубатбек Боронов жана аталган коомдун өкүлү Алоиз Шлеффер катышты. Шлэффер билдиргендей, мындай жардам бирдиктүү долбоорлорду ишке ашыруудагы биринчи кадам. Бул жардамдар ӨКМнын Баткен облусундагы башкармалыгынын деңгээлин көтөрүүгө багытталган.