11-декабрда Бельгиянын Брюссель шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Айтматов. Жашырылган көз ирмемдер” деген аталыштагы сүрөт көргөзмө ачылды. Уюштуруучулар кабарлашкандай, көргөзмөгө жазуучунун көпчүлүк көрбөгөн сүрөттөрү коюлган. Ошондой эле залкар жазуучу менен көп убакыт бою бирге жүрүп, анын сүрөт архивин топтогон Ибрагим Бакировдун эмгектери эл назарына коюлду.