Бүгүн, 13-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун чейрек финалы болуп жатат. Бул күнү жарым финалдык жолдомону "Элестет", "Айым", "IUK", "Олимпик", "Арабаев", "National", "Позитифф", "Бруклин", "Ассорти", "Кыялкеч", "НКБ", "Жалал-Абад", "ОШолор" өз ара талашышат. Чейрек финалдык таймашты, салтка айланып калгандай, долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев ачып берип, командаларга ийгилик каалады. Таланттуу жаштардын өнөрлөрүнө көз салып отурган калыстардын тобуна ырчылар Максат Бегалиев, Урмат Усенов, Омар, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, стилист Замира Молдошева, КВНчи Улан Барпиев, "Тамашоунун" 2-сезонунун чемпиону болгон "Саяктар" командасынын оюнчусу Талант Калдыбаев кирген. Жалпысынан бул кечте 13 команданын 10у жарым финалга чыкмакчы.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев