"Тамашоунун" чейрек финалында "Биатлон" сынагында "ОШолор" командасы жеңишке жетишти

Бүгүн, 13-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун чейрек финалы болуп жатат. Жарым финалчыларды аныктоого багытталган бул күнкү жарышка "Элестет", "Айым", "IUK", "Олимпик", "Арабаев", "National", "Позитифф", "Бруклин", "Ассорти", "Кыялкеч", "НКБ", "Жалал-Абад", "ОШолор" командалары катышты. Алгач биатлон сынагы болуп, жыйынтыгында "ОШолор" командасы жеңишке жетишип, 1 упайга ээ болду. Ал эми алар менен катуу таймашкан "Бруклин" командасы 0,8 упайга ээ болду. Командалар биринен-бири озуп, элге кызыктуу кеч, жакшы маанай тартуулашууда. 
"Биатлон" сынагынын жүрүшүндө катталган кызыктуу тамашалардан:   
* Ай ушул светтин акчасы чапкан атка жеткирбей, жеткирбей бара жатты...
* Бири-бириңе пас берип, ойногула, балдар, ай, 
  Кез-кезде бир коргонууну ойлогула, балдар, ай. 
  Антип ойной албасаңар, 
  "Тамашоуго" калыс болгула, балдар, ай. ("Позитифф" командасы). 
* Уйкумдан серпилгенде эртең менен ойготкон кишини карап туруп чаап жибергим келет. ("НКБ")
* Биз "качкадан" чыкканда машыгуу бүтүп, көчөлөрдө жүрчү элек "понтторду" күтүп... ("Олимпик")
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Alibi
2014-12-13 20:32:21
Жакшы экен
+1
rus9203
2014-12-13 20:34:13
Kim utat.kimisi utulat.tamawonu korboim.
-6
amantur123
2014-12-14 02:12:01
rus9203, тамашоуну корбосон бул жака кирип не комм жазып атасын кирбей эле кой анда бул жака
+3
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-13 22:15:28
Видеосун кызыгы кеткенден кийин коросун
0
Aibek..
2014-12-14 00:00:45
Айдагыла оштуктар
+1
amantur123
2014-12-14 02:13:45
ОШолор молодцы ребията ушул темпти кармагыла!
+1
papanstan
2014-12-14 03:22:14
Икрам журуго урррраааа
-1
jasi
2014-12-14 11:07:23
Аззаматтар, буйруса бул сезон д ОШолордуку )
+1
kg.sity93
2014-12-14 17:00:59
ОШолор азаматсынар..Алга алга Алга Алга......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан