"Тамашоунун" 7-сезонунун чейрек финалында Бажы союзу, рубль менен сомдун курсу күлкүгө салынды

Бүгүн, 13-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун чейрек финалынын биринчи күнү болуп өттү. Ага жалпысынан 13 команда катышты. Алып баруучу Эрмек Нурбаев башта жар салгандай, анын 10у жарым финалга чыкты. Ал эми упайлардын көрсөткүчү боюнча артта калган 3 команда лига менен кош айтышмак. 3 саатка созулган таймашта Бажы союзу, рубль менен сомдун курсу, Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү саясий окуялар, кыздар менен социалдык тармакта таанышуу, спорт жана башка бир катар актуалдуу темалар күлкүгө салынды. Командалар "Биатлон" жана "Фристайл" сынактарынын алкагында өз күчтөрүн көрсөтүштү. Упай саноого келгенде "Тамашоунун" быйылкы сезону менен “Жалал-Абад”, “Арабаев” жана “Кыялкечтер” командалары коштошкону белгилүү болду. Ал эми элди күлкүгө бөлөп, ошол эле учурда залдын, калыстардын артыкчылык бааларына арзыган "ОШолор" командасы 1-орунду ээледи. 
Командалардын ээлеген орду боюнча жайгашканына назар салыңыз: 

1-орун. “ОШолор” командасы

2-орун. “Позитифф” жана “Элестет” командалары

3-орун. “Бруклин” командасы

4-орун. “IUK” жана “Олимпик” командалары

5-орун. “Ассорти” командасы

6-орун. “Айым Style командасы

7-орун. “НКБ” командасы

8-орун. “National” командасы

9-орун. “Жалал-Абад” командасы

10-орун. “Арабаев” командасы

11-орун. “Кыялкечтер” 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ArgenMers
2014-12-13 23:56:34
ОШолор Молодцы?
0
jooshbala
2014-12-14 02:45:01
Ошолор ошондо оштуктарбы?
0
semakg
2014-12-14 02:51:34
jooshbala, Ооба ОШолор
0
DASTAN92
2014-12-14 10:30:30
Видеосу барбы ? Бар болсо жуктоп коесуздарбы урматтуу супер инфо
+1
Kylychbek-kg
2014-12-14 14:02:57
оштуктар делай Ош
0
erikkarakulja
2014-12-14 18:54:08
Ош жарайсынар жаштар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан