Жылнаама, 15-декабрь: Мындан 315 жыл мурун Орусияда Жаңы жылды 1-январда белгилөө боюнча буйрук чыккан

* Мындан 315 жыл мурун, 1699-жылы Пётр I Орусияга юлиан календарын киргизип, анын негизинде жылдын башталышы 1-январга которулган. Ага чейин Жаңы жыл 1-сентябрда белгиленчү.

Мындан 50 жыл мурун, 1964-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айылында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов туулган. Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. 1983-1985-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. Эмгек жолун Бишкек шаарындагы «Фрунзестрой» ишканасында таш тизүүчү болуп баштаган. Кийин мамлекеттик курулуш ишканаларында инженерлик кызматтарда иштеп жүрүп, заводдун директорлугуна чейин жеткен. 2000-жылдардын башында курулуш иштеринин баары токтоп, ошого байланыштуу заводдор да токтоп, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жумушка кирүүгө сунуш болгон. Ошентип, 10 жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеп келе жаткан. 2011-жылдын 24-декабрынан бери КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган.

* 1966-жылы, мындан 48 жыл мурун америкалык кинорежиссёр жана продюсер Уолт Дисней каза болгон. Ал коомчулукка "Диснейленддин" курулушун ишке ашырган адам катары белгилүү. 1928-жылы 18-ноябрда Микки Маус менен катар "Глупые симфонии" аттуу мультфильми чыккан. Уолт так ушул мультфильми үчүн 1932-жылы биринчи "Оскарды" жеңип алат. Согуш мезгилине чейинки он жыл ичинде Уолттун мультфильмдери ар жыл сайын бирден "Оскар" менен сыйланып отуруп, 29 сыйлык алууга үлгүрөт. Уолт Дисней 1966-жылы 15-декабрда рак оорусунан көз жумган. Анын өлүмүнөн кийин ал ээлик кылып келген компания чылым чегүүнү тасмалардан көрсөтпөө чечимин чыгарган.

* 1997-жылы, туура 17 жыл мурун Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарынын аэропортуна жакын жерде ТУ-154 учагы жарылып, 85 киши каза тапкан. Учак Хоженттен Шаржага учкан. Экипажда 7 адам, 79 жүргүнчү бар болчу. Кырсыкка учактын учкучтары менен диспетчердин бири-бирин түшүнбөстүгү себеп болгон. Учак 370 чакырым-саат ылдамдык менен жерди сүзүп, күйүп кеткен. Ал жерди сүзгөн маалда бир адам учактан ыргып, оор жаракаттарды алып, тирүү калган.

15-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан