Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун чейрек финалынын экинчи күнү болуп жатат

Бүгүн, 14-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун чейрек финалынын экинчи күнү болуп жатат. Бул күнү жарым финалдык жолдомону "Кыргыз двор", "Бишкек", "Универсал", "Евраш", "Тамашарики", "Рота", "Багыт", "БГУ", "Ацтек", “3 кошкон” командалары өз ара талашышат. Ал эми кыска форматта "Юр.Академия", “Көңүлдүү жигиттер”, “Марал”, “Кыргыз style”, “Best leading”, "Мисс шоу", “Медлайн” командалары оюн көргөзүшөт. Чейрек финалдык таймашты, салтка айланып калгандай, долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев ачып берип, командаларга ийгилик каалады. Таланттуу жаштардын өнөрлөрүнө көз салып отурган калыстардын тобуна ырчылар Максат Бегалиев, Урмат Усенов, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, КВНчилер Улан Барпиев, Данияр Абатов, Улан Жумабаев жана "Тамашоунун" 2-сезонунун чемпиону болгон "Саяктар" командасынын оюнчусу Талант Калдыбаев кирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан