Бүгүн, 14-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун чейрек финалынын экинчи күнү болуп өттү. Анда жарым финалдык жолдомого "Кыргыз двор", "Бишкек", "Универсал", "Евраш", "Тамашарики", "Рота", "Багыт", "БГУ" командалары ээ болушса, "Ацтек", “3 кошкон” командалары оюндан четтеп калышты. Ал эми бул күндүн жеңүүчүсү делип "Универсал" командасы аталды. Таланттуу жаштардын өнөрлөрүнө ырчылар Максат Бегалиев, Урмат Усенов, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, КВНчилер Улан Барпиев, Данияр Абатов, Улан Жумабаев жана "Тамашоунун" 2-сезонунун чемпиону болгон "Саяктар" командасынын оюнчусу Талант Калдыбаевдер баа беришти.