Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында өткөн "Дүйнө сулуусу-2014" сынагын Түштүк Африка Республикасынын өкүлү
Ролен Штраус утуп алды. Бул тууралуу аталган сынактын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Р.Штраус медициналык факультетте 4-курста окуйт. Дарыгер болууну каалайт. Аялдардын ден соолугуна кам көргүсү келет. Бош убактысында Ролен гольф ойногонду жакшы көрөт, велосипед тебет, китеп окуйт. Мындан тышкары ал музыкага кызыгат, флейта, пианино жана гитара черте алат.
Айта кетсек, "Дүйнө сулуусу-2014" сынагында экинчи орунга Венгриянын өкүлү Эдина Кулшар, үчүнчүгө АКШнын өкүлү Элизабет Сафрит татыктуу болду. Сынактын расмий сайтында алдынкы 25 сулуунун ысымы жарыяланган. Бул тизмеде Кыргызстандын өкүлү Айкөл Аликжанова жок.