Автотранспорт-экспедициялык ишканасынын мурдагы жетекчиси “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп шектелүүдө

Улуттук илимдер академиясындагы автотранспорт-экспедициялык ишканасынын мурдагы жетекчиси “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, 2011-2014-жылдары аталган жетекчи жеке компаниялар менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун макулдугусуз келишим түзүп, имаратты ижарага берген. Бул жылдар аралыгында  7 миллион сомго жакын акча каражаты казынага түшүшү керек эле. Бирок акча каражатынын бир канча бөлүгү жок болуп кеткен. Мындан улам мамлекетке келтирилген зыян 5 миллион сомдон ашык деп бааланууда. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан