Бишкекте зордуктоо фактысына шектүү катары 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 18 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал Малдыбаев көчөсүндө белгисиз адам зордуктаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Б.Кубанычбек кармалган. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.