18-декабрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде Роман Гуманюктун “Алхимия, чыгыш жана шахматтар” аттуу көргөзмөсү ачылат. Аталган музейден билдиришкендей, көргөзмөгө автордун 33 эмгеги коюлат. Алардын 15и полотного тартылган живопись, 18и миниатюралар.
Айта кетсек, Роман Гуманюк 1985-жылы Бишкекте туулган. Ал Кыргызстан, Казакстан, Украина жана Болгария мамлекеттеринде 22 жеке көргөзмөсүн өткөргөн. Ошондой эле Франция, АКШда кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышкан. Сүрөтчү ар түрдүү жанрда жана техникада иш алып барат. Анын эмгектери дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү живописти сүйгөн жана барктаган коллекциячылардын жеке топтомдорунан орун алган.