Өткөн суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, Жайыл районунда турак үйдүн чатыры күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 15-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Жайыл районуна караштуу Ставропавловка айылында өрт чыгып, анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 66 чарчы метр турак үйдүн чатыры толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Баткен шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анда 71 чарчы метр турак үйдүн чатыры, үй эмеректери, төшөнчүлөр жана кийим-кечелер толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан