Бишкекте Индиянын жаранын тоногондор кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Индиянын 23 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал Токтогул жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар күч колдонуп, акчасын жана баалуу буюмдарын тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 23 жаштагы жана Сокулук районунун 27 жаштагы тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.