Борбор калаада “унаа уурдаган” деген шек менен эки кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Бекмурат аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар тарабынан Москва-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Арча-Бешиктин 19 жаштагы Б.Айгерим жана К.Нурай аттуу тургундары кармалды. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.